# КР Президентинин 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 201 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 201 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4369/edition/376071/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 201 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" жарлыгы (15.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60178

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 15-апрели ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын түзүмүн жана ишин оптималдаштыруу максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгы менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункт "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
