# КР Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4368/edition/435695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө" жарлыгы (10.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60177

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-апрели ПЖ № 199 Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин башкаруунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жер участкаларын пайдалануу маселелерин жөнгө салуу механизмдерин түзүү жана тартипке келтирүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануунун тиркелген Стратегиясы (мындан ары - Стратегия) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- аталган Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

- Стратегияны жүзөгө ашырууда финансылоонун бюджеттен тышкаркы кошумча булактарын, анын ичинде эл аралык финансы жардамын тартууга көмөк көрсөтсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
