Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 195 «Кыргызстан мусулмандарынын жаңы борбордук мечитинин курулушун мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 8-апрели ПЖ № 195 Кыргызстан мусулмандарынын жаңы борбордук мечитинин курулушун мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мусулман жарандарынын чогуу же ачык тартипте Кудайга сыйынуу, динге ишенүү жана диний ырым-жырымдарды аткарууга болгон керектөөлөрүн канааттандырган республиканын жаңы борбордук мечитин курууда Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14, 42- жана 47-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- жана 16-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 384-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7- жана 9-беренелерин көңүлгө алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармасына Кыргызстан мусулмандарынын жаңы борбордук мечитин куруу үчүн Бишкек шаары, Жибек-Жолу, 264 дарегинде жайгашкан аянты 3,261 гектар имаратты жамаатташ жер участкасы менен 49 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик кыймылсыз мүлктү пайдаланууга укукту мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармасы жаңы борбордук мечитти курууну Кыргыз Республикасынын архитектуралык-шаар куруу мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых Институту иликтөө иштерин жүргүзүүдө жана ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн дарек боюнча Кыргызстан мусулмандарынын борбордук мечитин куруу процессине көзөмөлдүк жүргүзүүнү камсыз кылсын жана зарыл болгон учурда археологиялык табылгалар боюнча чаралардын комплексин кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых Институтуна аталган Институтка тапшырылган смета боюнча финансы каражаттарын бөлсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынан келип чыккан иш-чараларды жүргүзсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндоЗакон · 31.12.2008 · № 282 · Күчүн жоготкон