# КР Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 192 "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 192 "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4363/edition/371348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 192 "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө"жарлыгы (07.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60171

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 7-апрели ПЖ № 192 Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө Өлкөнүн кодун билдирген "KG" жогорку деңгээлдеги домени улуттук ресурс болуп саналгандыгын эске алып жана улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы "KG" домендик аталышын тескеген орган болуп санала тургандыгы максатка ылайыктуу деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- "KG" жогорку деңгээлдеги домендик аталышты тескөөнү өткөрүп берүү боюнча иш-чаралардын планын даярдасын;

- ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат жана укук саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
