# КР Президентинин 2009-жылдын 3-апрелининдеги ПЖ № 187 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 3-апрелининдеги ПЖ № 187 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4358/edition/1124598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 3-апрелининдеги ПЖ № 187 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60166

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 3-апрели ПЖ № 187 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына толуктоо киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык токтом кылам:

1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 Указы менен бекитилген "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
