# КР Президентинин 2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147 "Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу" жөнүндө жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147 "Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу" жөнүндө жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4336/edition/442380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147 "Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу" жөнүндө жарлыгы (04.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60137

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147 Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын чечимдерин аткаруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2009-жылдын 1-апрелинен тартып:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү жогорулатылсын жана ал 630 сом өлчөмүндө белгиленсин;

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-апрелине чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлөгүнүн суммасы 12 пайызга жогорулатылсын.

2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууга байланыштуу өзгөрүлбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык белгиленген тартипте пенсияларды өз учурунда кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
