# КР Президентинин 2009-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4335/edition/371184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө" жарлыгы (03.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60136

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 3-марты ПЖ № 145 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Джитишикова Гульнара Аскарбековна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Эргешова Мастурахан жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
