# КР Президентинин 2009-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 125 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 125 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4323/edition/371172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 125 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы (20.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60123

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 20-февралы ПЖ № 125 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесиндеги 2-пункттун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдухалыков Мелис - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына; Балтабаев Аманкул Жаакемилович - мурда ээлеген Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, жаш курагынын жогорку чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына; Жалалова Марипат Шерматовна - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына; Турдалиев Азизбек Мэлсович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
