Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 98 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын улуттук жана эл аралык маанидеги биосфералык резерваттын статусуна ылайык туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- долбоорун тиешелүү Республикалык комиссия иштеп чыккан "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2011-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүнүн Программасын эки айлык мөөнөттө карап чыксын жана бекитсин;
- "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүнүн үч жылдык Программасын ар бир кийинки үч жылда иштеп чыксын жана бекитсин;
- Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту жыл сайын 20-январга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №281 токтомунун "«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жонундо" концепциясыКонцепция · 08.05.2009 · № 281
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №281 "«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдардагы мезгилге карата программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 08.05.2009 · № 281 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт…Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон