Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 22-январы №36 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 204 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-сентябрындагы №498 токтомуна жана "Кыргызстан аба жолдору" ачык акционердик коомунун банкрот болуусун таануу жөнүндө Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 11-сентябрындагы №ЭД-809/07мбс9 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүңдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы №157 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктуңдагы "башкармалыктарын" деген сөз "департаменттерин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар башкармалыгы (бюджет)" деген позиция "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар департаменти (бюджет)" деген позицияга алмаштырылсын; "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучусу" акционердик коому (чарбалык эсеп)" деген позиция алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 746 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы №157 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери"Постановление · 10.05.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу…Постановление · 02.05.2008 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы №157 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери"Постановление · 10.05.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон