Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 марта 2010 года №130 "Об утверждении Положений подведомственных подразделений Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-03-05.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 22-январы №33 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр өзгөртүп кайра уюштурулсун:
- Түндүк региондор аралык башкармалык жана анын базасында Талас жана Чүй облустук башкармалыктары түзүлсүн;
- Чыгыш региондор аралык башкармалык жана анын базасында Ысык-Көл жана Нарын облустук башкармалыктары түзүлсүн.
2. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалык (Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометерология боюнча агенттикке өзгөртүп түзүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Түндүк, Чыгыш региондор аралык башкармалыктар" деген сөздөр "Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустук башкармалыктары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкармалыктары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Гидрометеорология боюнча башкы башкармалык (Кыргызгидромет)" деген сөздөр "Гидрометерология боюнча агенттик (Кыргызгидромет)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометерология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) жөнүндө жобону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустук башкармалыктарынын ортосунда иш милдеттерди кайра бөлүштүрүү жана өзгөртүп кайра уюштуруунун жүрүшүндө бошотулуучу кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- зарыл болгонго жараша ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 " Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери"токтомуПостановление · 16.05.2007 · № 175 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 " Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери"токтомуПостановление · 16.05.2007 · № 175 · Күчүн жоготкон