Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 65 токтому менен бекитилген
2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү - 2023-жылдын 10-сентябры, жекшемби
№
Иш-чаралардын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК), шайлоо комиссияларына жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу
Шайлоо дайындалгандан кийин
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - БШК) Маалымат бөлүмү
Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо
1
Жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү
Шайлоо дайындалган кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен
БШК, маалымат бөлүмү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 63-беренесинин 2-бөлүгү (мындан ары - конституциялык Мыйзам)
2
Шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө ЖМКларга Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусу
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому расмий жарыялангандан кийин
БШК, маалымат бөлүмү
3
БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан эфир убактысын, басылма аянтын бергендиги үчүн төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 23-июлуна чейин (кошуп алганда))
БШК, жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү (мындан ары - конституциялык Мыйзам)
4
БШКнын расмий сайтында эфир убактысын, басылма аянтты төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттар жөнүндө берилген маалыматтарды жарыялоосу
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 17 күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 28-июлуна чейин)
Маалымат бөлүмү конституциялык Мыйзамдын 22-бер. 20-бөл.
Добуш берүү үчүн жай
5
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 1-августуна чейин
ОШК, УШК, Бишкек ш. мэриясы конституциялык Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.
6
Добуш берүүчү жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүү
Добуш берүү күнүнө чейин 33 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 8-августуна чейин)
ОШК, УШК, ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.
7
ЖӨБОлорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү боюнча кайрылуу жөнөтүү
Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 14-августуна чейин)
ОШК, УШК, конституциялык Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.
Шайлоочулардын тизмеси
8
Округдар, участоктор боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу
Добуш берүү күнүнө 53 календардык күнгө чейин (2023-жылдын 19-июлуна чейин)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, БШК конституциялык Мыйзамдын 14-бер. 4-бөл.
9
Шайлоочулардын алдын ала тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганда (2023-жылдын 22-июлуна чейин)
БШК, ОШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 14-бер. 7-бөл.
10
УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү
Добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда (2023-жылдын 25-июлуна чейин)
УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 1-бөл.
11
Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү
Добуш берүүгө чейин 20 календардык күн калганда (2023-жылдын 21-августуна чейин)
УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 4-бөл.
12
Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 1-сентябрына чейин (кошуп алганда))
Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, УШК конституциялык Мыйзамдын 14-бер. 5-бөл.
13
Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) кабыл алуу
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 25-июлунан 30-августуна чейин (кошуп алганда))
УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 2-бөл.
14
Шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмелерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калганда (2023-жылдын 3-сентябрына чейин)
БШК, Санариптик өнүктүрүү министрлиги конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл.
15
УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 5-сентябрына чейин)
УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл.
16
Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелерин БШКнын расмий сайтына жарыялоо жана участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларынын алдындагы такталарга илүү
Добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 5-сентябрына чейин)
БШК, ОШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл.
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
17
Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга каттоо ырастамаларын же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимин берүү
Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
БШК Мыйзамдын 19-бер. 4-бөл.
18
Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын же болбосо саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо
Талапкер жазуу жүзүндөгү арыз же саясий партия сунуштама бергенден кийин
БШК конституциялык Мыйзамдын 20-бер. 2-бөл.
19
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт (2023-жылдын 10-августуна чейин (кошуп алганда))
Саясий партиялар конституциялык Мыйзамдын 601-бер. 1-бөл.
20
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү документтерди берүүсү
Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 13-августу, саат 18.00гө чейин)
БШК конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 11-бөл.
21
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо
Шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда (2023-жылдын 21-августуна чейин)
БШК конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 5-бөл.
22
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө арыз берүүсү
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 7-сентябрына чейин (кошуп алганда))
Талапкер конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл.
Шайлоо алдындагы үгүт
23
Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
Баардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт (2023-жылдын 21-августунан тартып 9-сентябрында саат 08.00гө чейин)
Кыргыз Республикасынын жарандары конституциялык Мыйзамдын 23-бер. 1-бөл.
24
Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү эфир убактысын берүү
Талапкерлердин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2023-жылдын 21-августунан тартып 9-сентябрында саат 08.00гө чейин)
Телерадиоуюмдар конституциялык Мыйзамдын 24-бер. 4-бөл.
25
Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун камсыздоо
Талапкерлердин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2023-жылдын 21-августунан тартып 9-сентябрында саат 08.00гө чейин)
АШК, Кыргыз Республикасынын БШКсынын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конституциялык Мыйзамдын 22-бер. 9-бөл.
26
Ар бир шайлоо участогунун аймагында маалымат жана үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде (2023-жылдын 19-июлуна чейин)
ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 27-бер. 3-бөл.
Шайлоону каржылоо
27
Шайлоо фондун түзүү:
- Өз шайлоо фондун түзүү үчүн банк мекемесинде атайын эсеп ачууга арыз берүү;
Шайлоого катышуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө билдирме берүү менен кошо
Талапкер конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл., "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" жобонун (мындан ары - Жобо) 14-пункту
- банк мекемесинде атайын эсеп ачууга уруксат алуу
Атайын эсеп ачууга БШКдан жазуу жүзүндө уруксат (маалымдама) алгандан кийин
Талапкер, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл., Жобонун 16-пункту
28
Банк мекемесинде атайын эсеп ачуу:
- каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындабаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан;
Аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып каттоо үчүн документтерди бергенге чейин
Талапкер, конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл.
- каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан
Шайлоо комиссиясы тарабынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катталгандан кийин
Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл конституциялык Мыйзамдын 19-бер. 3-5-бөл., 41-бер. 1-бөл.
29
Шайлоо күрөөсүн төгүү: - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер үчүн - мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө
Шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2023-жылдын 10-августу, саат 18.00гө чейин)
Талапкерлер, Көзөмөлдөө-текшерүү тобу конституциялык Мыйзамдын 60-1-бер. 1, 3-бөл.
30
Талапкердин атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү
Жума сайын, ал эми БШКнын талабы боюнча - 24 сааттын ичинде
Банк же башка мекемелер, БШК конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 12-бөл.
31
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду БШКга тапшыруусу
Биринчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 2-сентябрына чейин (кошуп алганда)) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 17-сентябрына чейин (кошуп алганда))
Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жобосунун 48-пункту
32
Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операцияларды токтотуу
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 13-сентябрына чейин (кошуп алганда))
Көзөмөлдөө-текшерүү тобу конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 14-бөл.
Шайлоо бюллетендери
33
Бюллетендин текстин бекитүү (Брайль ариби менен)
Добуш берүү күнүнө чейин 17 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 24-августуна чейин)
БШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 2-бөл.
34
Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо
Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 5-сентябрына чейин)
БШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 6-бөл.
35
Шайлоо бюллетендерин округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калганда (2023-жылдын 7-сентябрына чейин)
БШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл.
36
Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө 2-1 календардык күн калганда (2023-жылдын 9-сентябрына чейин)
ОШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл.
Добуш берүүнүн тартиби
37
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 7-сентябрына чейин (кошуп алганда))
УШК конституциялык Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл.
38
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү
Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн калганда саат 08.00дөн 20.00гө чейин (2023-жылдын 9-сентябры)
УШК конституциялык Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл.
39
Добуш берүү
2023-жылдын 10-сентябры (саат 08.00дөн 20.00гө чейин)
УШК конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 1-бөл.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө
40
Шайлоочулардын добуштарын саноо
Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт
УШК конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 3-1-бөл.
41
Ар бир участок боюнча добуш берүүнүн укуктук мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналган жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу
Келип түшкөнүнө жараша
БШК конституциялык Мыйзамдын 37-1-бер. 1-бөл.
42
Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу
Добуш берүү күнүнөн тартып 12 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 23-сентябрына чейин)
БШК, ОШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл.
43
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорун БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу
Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 24-сентябрына чейин)
БШК, ОШК, конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл.
44
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын аныктоо
Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 24-сентябрына чейин)
БШК конституциялык Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл.
45
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо
Шайлоонун натыйжалары аныкталган күнүнөн тартып 9 календардык күндөн кечиктирбестен
БШК конституциялык Мыйзамдын 64-бер. 8-бөл.
Эл аралык жана коомдук байкоочулар
46
Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү
Шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин
Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, БШК конституциялык Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл.
47
Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, БШК тарабынан жиберилген чакыруу болгондо
Шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин
БШК конституциялык Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл.
48
Коомдук байкоочуларды каттоо
Коомдук байкоочуларды каттоо үчүн коммерциялык эмес уюмдар тарабынан тиешелүү документтерди бергенде
БШК конституциялык Мыйзамдын 10-1-бер.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу
49
Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМК, укук коргоо органдары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү
Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча
БШК
50
ОШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды идентификациялоо операторлору үчүн тренингдерди өткөрүү
Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча
БШК
(*) конституциялык Мыйзамдын 63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 65 "2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 12.07.2023 · № 65
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын…Положение · 29.08.2025 · № 65
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.