Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2023-жылдын 12-июлу № 64 № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы № 58 токтому менен № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараксыз деп таанылган. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38-беренесине, 63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо жекшембиге 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык кайра шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берсин;
2) кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук тутумдардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоодо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыздоодо, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөктөшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты, Ленин округдук шайлоо комиссиясы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурушсун.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 56 (3505) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 28-июлундагы № 70 "2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 28.07.2023 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 65 "2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 12.07.2023 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-октябры № 98 "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 04.10.2023 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 67 "2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 12.07.2023 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 66 "2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу…Постановление · 12.07.2023 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 88 "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 20.09.2023 · № 88
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79