# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 28 "2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 28 "2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3619/edition/1243823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 28 "2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600934

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2023-жылдын 30-марты № 28 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 42-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 28-майына дайындалган "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы банк мекемелери болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамына ылайык көрсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
