# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы № 16 "Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы № 16 "Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3613/edition/1243799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы № 16 "Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (04.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600927

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2023-жылдын 4-марты № 16 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.А.Пиназаровдун, М.Э.Эсенбаеванын жана Абдибает кызы Г. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Ата Мекен" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Пиназаров Алмамат Атыркулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Эсенбаева Миргуль Эсенбаевна, Абдибает кызы Гулдар комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Додоев Уланбек Абдимиталипович, Мамасадыков Адилбек Раимжанович, Даткабек кызы Гулбара резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
