# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2022-жылдын 29-августундагы № 79 "2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2022-жылдын 29-августундагы № 79 "2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3595/edition/1234480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2022-жылдын 29-августундагы № 79 "2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600907

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-августу № 79

2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 61 токтому менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун сунушун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациялансын:

1) Телеберүү:

- Баткен облусунун медиа борбору;

- "ЮТС" телеканалы.

2) Радио:

- "Салам Медиа" радиосу.

3) Газета:

- "Баткен таңы" газетасы.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына обо убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат жайгаштырылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси У.К.Жылкыбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
