КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-январы №21 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгынын карамагындагы 21,1 га жерин, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 16,1 га сугат айдоосун жана 3,0 га кайрак айдоосун жана 2,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерди жеке турак үй куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгына бузулууга туш болгон көп жылдык өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү үчүн жер участок караштыруу жана ага бак-дарак отургузуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- бөлүнүүчү участокторго шаар куруу документтерин иштеп чыгууга каржылоону камсыздасын;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон