Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 18-апрели № 48 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 3 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесине 3015 шайлоочу киргизилген. Кажы-Сай айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервделинген. 26 талапкер катталган, анын ичинде 11 аял. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган. Добуш берүүгө жалпысынан 951 шайлоочу катышып 31,54%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 4 депутат аял. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жана Кажы-Сай айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кажы-Сай айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 48 токтомуна тиркеме
2022-жылдын 10-апрели КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2022-жылдын 10-апрелинде Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблица тиркелет).
II. Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана №1 таблица түрүндө сунушталат. № 1 таблица 11 мандаттуу № 1 Кажы-Сай шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде)
1
Акунов Ильич Талдыбекович
369
2
Кожоева Бактыгул Орунбасаровна
364
3
Байгазиева Чынара Байгазиевна
309
4
Темирбеков Кубан Темирбекович
292
5
Шералиев Саламат Таалайбекович
288
6
Усубалиева Тинатин Мадийевна
277
7
Балкыбеков Асан Мелисович
220
8
Жусупбек уулу Жаныбек
220
9
Ишентуров Темирлан Элмирбекович
202
10
Мусаев Талайбек Казыевич
198
11
Каратаева Гульмира Качкыновна
193
12
Кулубеков Урматбек Талайбекович
190
13
Стамкулова Гульнара Калыбековна
188
14
Иманкожоев Акылбек Асанович
186
15
Бектуров Руслан Кыдыкович
175
16
Курманов Айтбек Койчуманович
168
17
Ибраева Роза Ниязакуновна
160
18
Аликова Нургул Асановна
146
19
Каныбеков Нургазы Каныбекович
143
20
Муктаров Улан Абасканович
110
21
Темиров Адис Темирович
107
22
Жобасарова Кымбат Билалиевна
92
23
Нарынбаева Бурмажан Каракеевна
90
24
Каирова Айнагуль Мусаевна
77
25
Токтосунов Жыргалгелди Асанкожоевич
74
26
Термечикова Жыпар Кудаяровна
71
27
"Бардыгына каршы"
3
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
1) Аял талапкер үчүн резервде калтырылган мандаттар боюнча Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттары болуп шайланды (№ 2 таблица)
№ 2 таблица 11 мандаттуу № 1 Кажы-Сай шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде)
1
Кожоева Бактыгул Орунбасаровна
364
2
Байгазиева Чынара Байгазиевна
309
3
Усубалиева Тинатин Мадийевна
277
4
Каратаева Гульмира Качкыновна
193
2) Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттары болуп көп добуштарды алган талапкерлер шайланды (№ 3 таблица)
№ 3 таблица 11 мандаттуу № 1 Кажы-Сай шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде)
1
Акунов Ильич Талдыбекович
369
2
Темирбеков Кубан Темирбекович
292
3
Шералиев Саламат Таалайбекович
288
4
Балкыбеков Асан Мелисович
220
5
Жусупбек уулу Жаныбек
220
6
Ишентуров Темирлан Элмирбекович
202
7
Мусаев Талайбек Казыевич
198
Протокол 2022-жылдын 13-апрелинде 18 саат 50 мүнөттө түзүлдү. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгалары
Төрагасы:
Абдыкеримов Р.С.
Катчысы:
Урмамбетов Д.К.
Мүчөлөр:
Жаналиева М.К.
Айбек кызы А.
Асаналиев Ж.
Бейшекеев А.
Качкынова Н.С.
Закиров А.С.
Турусбеков М.К.
Чойтонбаев Б.
Байзакова Б.
Эгембердиева М.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын…Указ · 08.02.2022 · № 31
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79