Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 18-апрели № 44 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Токтогул шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 12991 шайлоочу киргизилген. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 7 саясий партия катталган: "Тынчтык", "Мекен-Ынтымагы", "Ата-Журт Кыргызстан", "Эл Үмүтү", "Ынтымак", "Бирге-Вместе", "Ишеним". Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы 5 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады. Добуш берүүгө жалпысынан 4 645 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 35,76% түзөт. Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 7 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 7 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: "Тынчтык" - 734 добуш (15,80%) - 5 мандат; "Мекен-Ынтымагы" - 590 добуш (12,70%) - 4 мандат; "Ата-Журт Кыргызстан" - 858 добуш (18,47%) - 6 мандат; "Эл Үмүтү" - 539 добуш (11,60%) - 3 мандат; "Ынтымак" - 699 добуш (15,05%) - 5 мандат; "Бирге-Вместе" - 624 добуш (13,43%) - 4 мандат; "Ишеним" - 548 добуш (11,80%) - 4 мандат. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына 3 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок. Арыздар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана Токтогул шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 44 токтомуна тиркеме
2022-жылдын 10-апрели КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары ________________________________________ (облустун, райондун, шаардын аталышы) ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ___________________________________________ (шаардык кеңештин аталышы) ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ ПРОТОКОЛ Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2022-жылдын 10- апрелиндеги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. №1 таблица түрүндө сунушталат. № 1 таблица
№
Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны
%
1
"Тынчтык" саясий партиясы
734
15,80
2
"Мекен-Ынтымагы" саясий партиясы
590
12,70
3
"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы
858
18,47
4
"Эл Үмүтү" саясий партиясы
539
11,60
5
"Ынтымак" саясий партиясы
699
15,05
6
"Бирге-Вместе" саясий партиясы
624
13,43
7
"Ишеним" саясий партиясы
548
11,80
8
"Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны
0,58
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды: № 2 таблица
1
Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы
1. "ТЫНЧТЫК" саясий партиясы
2. "МЕКЕН-ЫНТЫМАГЫ" саясий партиясы
3. "АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
4. "ЭЛ-ҮМҮТҮ" саясий партиясы
5. "ЫНТЫМАК" саясий партиясы
6. "БИРГЕ-ВМЕСТЕ" саясий партиясы
7. "ИШЕНИМ" саясий партиясы
2
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы аныктады:
Саясий партиянын аталышы
Депутаттык мандаттын саны
1
"ТЫНЧТЫК" саясий партиясы
5
2
"МЕКЕН-ЫНТЫМАГЫ" саясий партиясы
4
3
"АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
6
4
"ЭЛ ҮМҮТҮ" саясий партиясы саясий партиясы
3
5
"ЫНТЫМАК" саясий партиясы
5
6
"БИРГЕ-ВМЕСТЕ" саясий партиясы
4
7
"ИШЕНИМ" саясий партиясы
4
3
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы аныктады:
№
Саясий партиянын аталышы
№
Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты
1
"ТЫНЧТЫК " саясий партиясы
1
Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич
2
Тойчубеков Урмат Кадырбекович
3
Иманбекова Динара Майлыбековна
4
Калмурзаев Нурсултан Маратович
5
Токтосунов Рысбек Райымбекович
2
"МЕКЕН-ЫНТЫМАГЫ" саясий партиясы
1
Тулекеева Асылбу Таштемировна
2
Тян Светлана Инокентьевна
3
Койчиев Мырзакерим Кайкыевич
4
Раханова Лариса Сабырбековна
3
"АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
1
Тургунбаев Эркин Эсенбаевич
2
Борбугулов Мирбек Табылдиевич
3
Оркулова Назира Абдалиевна
4
Кылданов Максат Сапарович
5
Нургазы уулу Кыязбек
6
Кудайназарова АнарбүүЖумагуловна
4
"ЭЛ-ҮМҮТҮ" саясий партиясы
1
Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович
2
Чынтемиров Бакыт Чынтемирович
3
Осмонкулова Гүлзада Абдылдаевна
5
"ЫНТЫМАК" саясий партиясы
1
Белеков Барман Самидинович
2
Сарпашов Манас Мурсажанович
3
Джаныбаева Айнура Омушевна
4
Аблесов Мирлан Аблесович
5
Мураталиев Эмил Кадырбекович
6
"БИРГЕ-ВМЕСТЕ" саясий партиясы
1
Өмүржан уулу Мирбек
2
Курбанов Мухиддин Кабылахунович
3
Куттубаева Клара Токтосуновна
4
Үмөталиев Темурлан Мурсатбекович
7
"ИШЕНИМ" саясий партиясы
1
Касымов Алмаз Рахматиллаевич
2
Караева Динара Текишовна
3
Бакиева Дамира Токтосуновна
4
Тотобаев Марс Анарбекович
Протокол 2022-жылдын 13-апрелинде 18 саат 45 мүнөттө түзүлдү. Токтогул шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары
Төрагасы:
Бошкоева П.
Катчысы:
Бошкоева П.
Мүчөлөр
Жумагулов Б.
Абдиева З.
Алмазбек к. Ж.
Жанузакова И.
Куттубаева В.
Шадыбекова А.
Мадысбаева Ж.
Матмусаева Б
Токташева А
Чому кызы Мээрим
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын…Указ · 08.02.2022 · № 31
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79