Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2021-жылы 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 5-июлу № 603 2021-жылы 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы № 499 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер - Момбекова Наргиза Кулжабаевна, Джаамбаева Кымбат Турдубековна, Майкомбаев Кайрат Орозбекович жана Дозалиева Алиман Тоштуковна, Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Ленин айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, 1-турда: К.Т.Джаамбаевага - 4 добуш, А.Т.Дозалиевага - 2 добуш, К.Т.Майкомбаевге - 3 добуш, Н.К.Момбековага - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш, 2-турда: К.Т.Джаамбаевага - 2 добуш, Н.К.Момбековага - 16 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Момбекова Наргиза Кулжабаевна Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 1-июлундагы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Момбекова Наргиза Кулжабаевна Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы № 499 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин, Сокулук районунун Кызыл-Туу, Фрунзе айыл…Постановление · 17.06.2021 · № 499
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон