# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 592
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3498/edition/1137237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600804.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" токтому (01.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600804

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-июлу № 592 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" 2021-жылдын 26-июнунун № 79 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо технологиялар борбору" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору" мекемеси деп кайрадан аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун Уставы жаңы редакцияда тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун юридикалык дареги белгиленсин: Бишкек ш., Пушкин көчөсү 50.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборун мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүүсү жүктөлсүн.

Аталган токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-мартындагы № 15 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
