Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-июлу № 587 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июнундагы № 436 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Челпек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Кадаев Салават Болотбекович, Куланбаев Шайырбек Элдосович - Челпек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-июнундагы протоколу менен Челпек айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, С.Кадаевге - 15 добуш, Ш.Куланбаевге - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-июнундагы протоколу менен Кадаев Салават Болотбекович Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 26-июнундагы Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кадаев Салават Болотбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Челпек айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июнундагы № 436 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Өрүктү…Постановление · 13.06.2021 · № 436
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон