Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-июлу № 586 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июнундагы № 436 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Бектурсунов Джайлебай Касымович, Борбукова Маргарита Маратовна - Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-июнундагы протоколу менен Тогуз-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Д.Бектурсуновго - 4 добуш, М.Борбуковага - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-июнундагы протоколу менен Борбукова Маргарита Маратовна Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 26-июнундагы Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Борбукова Маргарита Маратовна Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июнундагы № 436 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Өрүктү…Постановление · 13.06.2021 · № 436
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон