Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 29-июну № 579 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2021-жылдын 26-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган. 2021-жылдын 13-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаганына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 13-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2021-жылдын 13-июлуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (Кыргыз…Правила · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон