Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 29-июну № 577 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы № 391 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Темир айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Малабеков Кылычбек Шукурбекович катталган. Талапкер Темир айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Темир айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 19 депутаты катышып, К.Ш.Малабеков - 17 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Малабеков Кылычбек Шукурбекович Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 24-июнундагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Малабеков Кылычбек Шукурбекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Темир айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы № 390 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук, Түп районунун Талды-Суу жана…Постановление · 10.06.2021 · № 391
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62