# КР Шайлоо жана референдум 2022-жылдын 14-марты " 29 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум 2022-жылдын 14-марты " 29 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600776>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3476/edition/1147006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600776.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум 2022-жылдын 14-марты " 29 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө " токтому (14.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600776

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-марты № 29 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 75 Жарлыгынын негизинде "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшанбек Азатовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшанбек Азатовичтин ырастамасы анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
