Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-январы № 12 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Досбол Нур уулунун маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 365 IV токтомунун 2-пунктун жана "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтомунун 2-пунктун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-жыл, № 7-8-9, 671-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан учурларда пландык текшерүүлөр эпидемиологиялык маанисине жана объекттин коркунучуна жараша жылына төрт жолуга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку эпидемиологиялык коркунучу бар объекттердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан өзгөчө учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр капыстык мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын ден соолугунун абалына жол берилбес таасиринин себебин жана булактарын табуу жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында сутканын мезгилине карабастан жазуу жүзүндөгү багыттаманы (билдирмени) албастан дароо жүргүзүлүшү мүмкүн.".
2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 365-IV ""Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралу…Постановление · 25.04.2008 · № 365-IV
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.06.2008 · № 553-IV · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон