# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60074>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13423/edition/518441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60074.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60074

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-январы №11 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги №244 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен түзүлгөн Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына:

- Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары курамына киргизилсин;

- Бекиев Б.Ж. курамынан чыгарылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"2005-2010-жылдарга "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структурасын жана иш-аракетин өркүндөтүү" чараларынын пакетин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-январындагы №22 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-февралындагы №90 токтомунун 6-пункту.

Премьер-министр

И.Чудинов
