# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-январындагы №5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-январындагы №5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13418/edition/439347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-январындагы №5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60068

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-январы №5 Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына ылайык, көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн себүү жана сатуу үчүн пайдаланылчу үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү боюнча ишти тартипке салуу, республиканын ички рыногун кондициясыз үрөн материалдын келишинен коргоо жана коммерциялык үрөнчүлүктү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
