# Постановление ЦИК КР от 10 августа 2021 года № 648 "Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Постановление ЦИК КР от 10 августа 2021 года № 648 "Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 648
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2021
- Тексттин тили: орус тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/doc/600678>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3390/edition/1147100/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление ЦИК КР от 10 августа 2021 года № 648 "Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (10.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/doc/600678

---

ЦЕНТРАЛЬНАЯ КОМИССИЯ ПО ВЫБОРАМ И ПРОВЕДЕНИЮ РЕФЕРЕНДУМОВ КР ПОСТАНОВЛЕНИЕ от 10 августа 2021 года № 648 Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын мүчөлөрү А.А. Рахмановдун, Р.А. Туйчиевдин комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахманов Алмазбек Азирткулович, Туйчиев Рустамжон Абдуллаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын.

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тагаев Женишбек Рыскулович, Мамадалиев Кубанычбек Хасанбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

Председатель

Н. Шайлдабекова
