# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июлу № 638 "2021-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июлу № 638 "2021-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 638
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3380/edition/1147142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600668.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июлу № 638 "2021-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600668

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-июлу № 638 2021-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-июлундагы № 620 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Сыдыгалиев Муслим Усенбекович, Чодуев Урмат Асылбекович жана Эшеналиев Азат Буларович, Орок айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 22-июлундагы протоколу менен Орок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, М.У.Сыдыгалиевге - 1 добуш, У.А.Чодуевге - 15 добуш, А.П.Эшеналиевге - 3 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 22-июлундагы протоколу менен Чодуев Урмат Асылбекович Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 22-июлундагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун 2021-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-июлундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Чуй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Чодуев Урмат Асылбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Орок айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Койчукеевге жүктөлсүн.

Заместитель председателя Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики

Н.Койчукеев
