Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-июлу № 636 2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу 2021-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 231 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өттү. Ош шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзөт. Ош шаардык кеңешине шайлоону өткөрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 78 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 9 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 9-июлундагы № 621 токтому менен "Ынтымак" саясий партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган. Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин саны 152718 шайлоочуну түзгөн, добуш берүүгө 65469 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 42,87% түзөт. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - Ош АШК) 2021-жылдын 14-июлундагы № 30 чечими менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо № 5308 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Ош АШК 77 (78тин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде кайталап шайлоону болуп өттү деп тааныды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын белгиледи. Ош АШКнын протоколдорунун маалыматына ылайык 2021-жылдын 11-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ош АШКнын протоколдорунун маалыматтарына ылайык, төмөндөгү 4 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан көп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан:
- "Ата-Журт Кыргызстан" - 38,91% (19 мандат);
- "Биздин Кыргызстан" - 32,41% (15 мандат);
- "Улуттар Биримдиги элдик партиясы" - 15,51% (7 мандат),
- "Бир Бол" - 7,85% (4 мандат).
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясына, Ош аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учурлар тууралуу 67 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкөн. Келип түшкөн билдирүү, арыз жана даттануулар мыйзамдарда белгиленген компетенцияларга ылайык каралып, Ош аймактык шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар кабыл алынган. Мында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча укук коргоо органдары берген бир катар материалдар боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын алкагында конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары кабыл алынган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги А.И.Кадыров чыгып сүйлөп, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди (тиркелет). Укук коргоо органдары берген маалыматтарга ылайык:
1) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгына шектенүү жөнүндө (шайлоочуларды сатып алуу) маалымдама тапшырылып, кылмыш белгилери боюнча бир катар материалдар сотко жөнөтүлгөн,
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү боюнча "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Н.А.Таджибаевага карата бир иш;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгү боюнча "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын пайдасына сатып алууну ишке ашырышкан бир катар адамдарга карата эки иш;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү боюнча "Бир Бол" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.З.Патидиновго карата иш.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүндө шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары белгиленген. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана кетирилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алат". "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык "Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга милдеттүү. Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү". Ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат". "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматтарына, Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын расмий маалыматына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүүдө мыйзамдарга ылайык талапкерди жана талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарууга негиз болгон шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы болгондугун белгилейт. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6 жана 7-пункттарына ылайык "Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;
- талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда".
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарына ылайык "Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы фактылары ырасталганда;
- саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда".
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоочулардын добуштарын сатып алуу добуш берүүнү даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын өз эркин билдирүүгө таасир эткен бузууларга кирет жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга негиз болот. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы "Бир Бол" саясий партиясынан талапкер С.З.Патидинов тарабынан бузуулар жана "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер жана өкүлдөр тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга алып келген мыйзамдары бир нече ирет (системалуу) бузуулар болгондугун белгилейт. Мында саясий партиялардын өкүлдөрү жана айрым талапкерлери тарабынан мыйзамдарды одоно бузуулар жөнүндө укук коргоо органдарынан жазуу жүзүндөгү тастыктамаларды алгандыгына карабастан, Ош аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан айрым талапкерлер сыяктуу эле саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине да конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары колдонулган эмес. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, талапкерди, талапкерлердин тизмелерин, демилгечи топторду каттоону жокко чыгарууга укуктуу". Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" Жобонун 5.11-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык "Шайлоо мыйзамдарын бузуу аныкталгандыгынын натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда, ошол саясий партия үчүн добуш берилген шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылат". "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 38, 40, 44, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бир Бол" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.З.Патидиновду каттоо жокко чыгарылсын.
2. "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылсын.
3. "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылсын.
4. 2021-жылдын 15-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу ушул токтомдун 1, 2, 3-пункттарын эсепке алуу менен бекитилсин.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жана Ош шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Ош аймактык шайлоо комиссиясы кайталап шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү, төш белгилерди тапшырсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 636 токтомуна тиркеме
2021-жылдын 11-июлу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН КАЙТАЛАП ШАЙЛОО Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2021-жылдын 11-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№
Саясий партиянын аталышы
Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде)
%
1
"ЫНТЫМАК" саясий партиясы
0
0
2
"УЛУУ-ЖУРТ" саясий партиясы
316
0,48
3
"БИЗДИН КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
21216
32,41
4
"УЛУТТАР БИРИМДИГИ ЭЛДИК ПАРТИЯСЫ" саясий партиясы
10152
15,51
5
"КЕЛЕЧЕК-БУДУЩЕЕ" саясий партиясы
498
0,76
6
"БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
684
1,04
7
"АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
25475
38,91
8
"БИР БОЛ" саясий партиясы
5139
7,85
9
"НУР" саясий партиясы
403
0,62
10
БАРДЫГЫНА КАРШЫ
765
1,17
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 2 таблица
1
Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы
1. "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы - 32,41%;
2. "Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы - 15,51%;
3. "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы - 38, 91%;
4. "Бир Бол" саясий партиясы - 7,85%.
2
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Ош аймактык шайлоо комиссиясы аныктады:
Саясий партиянын аталышы
Депутаттык мандаттын саны
1
"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы
15
2
"Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы
7
3
"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы
19
4
"Бир Бол" саясий партиясы
4
3
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Ош аймактык шайлоо комиссиясы аныктады:
№
Саясий партиянын аталышы
№
Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты
1
"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы
1
Сулайманов Эльдар Нурланович
2
Джусупов Мелис Ромидинович
3
Кулдышева Гулсара Кенжеевна
4
Маматов Мирбек Акжигитович
5
Атабаев Мирлан Даниярбекович
6
Исамова Хулкар Анваровна
7
Эргешов Бекмурза Аскарбаевич
8
Арзибаев Бекболот Осконбаевич
9
Турсунбаева Бахтиярхан Нематжановна
10
Мырзабеков Медербек Мамасабирович
11
Исмаилов Нурбек Даткабаевич
12
Абдибаева Дамира Рысбековна
13
Сайфуллаев Жохонгир Хурсанович
14
Назылбеков Салман Сатыгулович
15
Караева Айгуля Адилбековна
16
Толубаев Замирбек Бостонбаевич
17
Кокочоров Долатбек Курманбекович
18
Акматова Уларкан Жидебаевна
19
Зайнидинов Алтынбек Талипжанович
2
"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы
1
Эркин уулу Арстанбек
2
Нуранов Шайырбек Шерматович
3
Алмазбек кызы Назима
4
Папишов Канат Муратович
5
Каналиев Улан Касымович
6
Кадырбек кызы Нуркыз
7
Турдуев Ильяз Эрмекович
8
Усонов Бексултан Нурланович
9
Раимбердиева Аида
10
Эркинбаев Афтандил Ташполотович
11
Мамашов Канжарбек Асилбекович
12
Ашимжан кызы Айпери
13
Айтбаев Арыпбек Кочконович
14
Абдрахманов Илияз Жанибекович
15
Манап кызы Айжана
3
"Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы
1
Аккулов Абдижапар Уримович
2
Ахмаджанов Хашим Абдухакимович
3
Самиева Нурила Камиловна
4
Маматкулов Максатбек Борубаевич
5
Абдуллаев Данияр Аманович
6
Жоошбаева Роза Каныбековна
7
Мурзахмедов Нурлан Жеңишбекович
4
"Бир Бол" саясий партиясы
1
Арзиев Эсенбек Маматкаримович
2
Каримов Нурислом Абдунабиевич
3
Салиева Айгуль Абдижалиловна
4
Шайиев Кушбак Искендерович
Протокол 2021-жылдын 15-июлу 12 саат 30 мүнөттө түзүлдү.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы
У.Аттокуров
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы
Б.Ысмайылова
1
Зарипбек уулу Б.
2
Ахматова Г.
3
Эркинов А.
4
Айтбаева Ж.
5
Жумабаев Т.
6
Эрмеков К.
7
Шаванов Т.
8
Жусупова З.
9
Маматов К.
10
Мусаев М.
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан…Постановление · 31.10.2016 · № 183
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР ШАйлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2021-жылдын 9-июлу № 621 "Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине "Жалпы иш" коомдук фондунун даттануусу…Постановление · 09.07.2021 · № 621
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон