КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «КР БШКнын 2021-жылдын 8-июлундагы № 132 чечимин жокко чыгаруу жана Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-июлу № 634 КР БШКнын 2021-жылдын 8-июлундагы № 132 чечимин жокко чыгаруу жана Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнүн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүүнү чечкен Борбордук шайлоо комиссиясынын мурда кабыл алган 2021-жылдын 8-июлундагы № 132 чечимин кайра кароо жана жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешинин 15 депутатынан турган топтун кайрылуусу келип түшкөн. Келип түшкөн кайрылууда 15 депутаттан турган топ Кербен шаардык кеңешин таркатууга каршы экендиктерин билдиришкен. Арыз ээлери шаардык кеңешти таркатуу үчүн негиздер жок деп эсептешет. Анткени шаардын мэрин шайлоо болгон эмес, арыз ээлеринин пикири боюнча, шаардык кеңешти таркатуунун ордуна шаардын мэрин кайра шайлоону дайындоо зарыл. Кайрылууда ошондой эле аны өткөрүү кыйла чыгымдарды талап кыларына байланыштуу Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын жаңы шайлоону дайындоону максатка ылайыксыз деп көрсөтүшкөн. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Кербен шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алынган чечимди кайра кароону жана ушул маселе боюнча акыйкат чечим кабыл алууну суранышкан Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топ келип түшкөн кайрылууну алдын ала кароодо ага арыз ээлери - Кербен шаардык кеңешинин депутаты Г.Т.Койчубеков жана 14 депутат видеорежиминде катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы жыйынында арыз ээлери угулду, алар жүйөлөрүн жана талаптарын тастыкташты. Арыз ээлерин угуп, арызды жана ушул маселе боюнча материалдарды карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөндөгүлөрдү аныктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 208 токтому менен 2021-жылдын 7-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин шайлоо депутаттардын кворумунун жоктугунан болбой калган. Кербен шаардык кеңешинин 31 депутаттын ичинен 15 депутат катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-июнундагы № 368 токтому менен 2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо катталган депутат М.К.Айдаралиевдин шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу болбой калган. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 540 токтому менен 2021-жылдын 5-июлуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо депутаттардын кворумунун жоктугунан болбой калган. Кербен шаардык кеңешинин 31 депутаттын ичинен 15 депутат катышкан. Депутаттар тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбагандыгына байланыштуу, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнүн алтынчы абзацына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июлундагы № 132 чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнүн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө сунуш жөнөтүү чечилген. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык "Мэрди шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай капса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт". Ушундай эле норма Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө жободо да каралган. Кербен шаарынын мэрин шайлоо үч жолу: кворумдун жоктугуна байланыштуу эки жолу жана катталган талапкердин андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу бир жолу болбой калган. 2021-жылдын 5-июлуна дайындалган Кербен шаарынын мэрин соңку кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болгон эмес. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнүн бешинчи абзацына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Кербен шаарынын мэрин кайра айлоону дайындоого укуктуу. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы мурда кабыл алынган 2021-жылдын 8-июлундагы № 132 чечимди жокко чыгаруунун жана мыйзамдарга ылайык Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө тыянакка келет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-июлундагы № 132 чечими жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо 2021-жылдын 7-августуна саат 9.00дөн 12.00гө чейин дайындалсын.
3. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 540 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо…Постановление · 21.06.2021 · № 540
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июл № 212 «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын…Постановление · 07.07.2017 · № 212
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон