Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 13-июлу № 623 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы № 553 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Кыдырманова Анар Алтмышевна жана Кыргыялиева Кулжакан Кыдырмаевна Бирдик айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Бирдик айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, А.А.Кыдырмановага - 7 добуш, К.К.Кыргыялиевага - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Кыдырманова Анар Алтмышевна Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 7-июлундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кыдырманова Анар Алтмышевна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы № 553 "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн…Постановление · 23.06.2021 · № 553
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон