# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-июлундагы № 620 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-июлундагы № 620 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 620
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3362/edition/1163195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-июлундагы № 620 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (08.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600650

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 8-июлу№ 620 Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 279 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Джаныбеков Азат Максатович, Маделиева Майя Азимкановна, Сыдыгалиев Муслим Усенбекович, Чодуев Урмат Асылбековичжана Эшеналиев Азат Пуларович, Орок айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Орок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1-турда: А.М.Джаныбековго - 5 добуш, М.А.Маделиевага - 7 добуш, М.У.Сыдыгалиевге -0 добуш, У.А.Чодуевге - 5 добуш, А.П.Эшеналиевге - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, 2-турда: М.А.Маделиевага - 14 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 6 добуш берилгендиги белгиленген. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Маделиева Майя Азимкановна Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. 2021-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия № 116 чечими менен, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору жараксыз деп таанылган. Арызда мыйзамга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси берүүчү В2 категориясындагы сертификаты болууга тийиш экендиги, ал сертификат айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер М.А.Маделиевада болбогондугу көрсөтүлгөн. Аталган чечим соттук тартипте М.А.Маделиева тарабынан даттанылып, Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 1-июлундагы аныктамасы менен арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 7-июлундагы токтому менен Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 1-июлундагы аныктамасы күчүндө калтырылган. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, М.А.Маделиевадан тышкары мурда катталган талапкерлер менен, 2021-жылдын 22-июлунда саат 9.00дөн 12.00гө чейин дайындалсын.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
