Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтмоу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 8-июлу № 619 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 314 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Бейшебаев Эрнис Айнабаевич, Жаныбеков Бактыяр Жаныбекович, Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович - Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Боо-Терек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты 1-турда, 2-турда баардыгы 21 депутаты катышып, 1-турда: Э.А.Бейшебаев - 1 добуш, Б.Ж.Жаныбеков - 10 добуш, А.С.Кубанычбеков - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, 2-турда: Б.Ж.Жаныбеков - 10 добуш, А.С.Кубанычбеков - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда Боо-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы А.С.Кубанычбековдун пассивдүү шайлоо укугунун жоктугун көрсөтүлгөн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына жооп бербегендигин белгилеген. 2021-жылдын 23-июнундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы № 119 чечими менен Ж.Иманалиевдин арызын канааттандыруудан баш тартылган. Аталган чечим соттук тартипте даттанылып, Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 30-июнундагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 7-июлундагы токтому менен КР БШКнын 2021-жылдын 23-июнундагы № 119 чечими күчүндө калтырылган. 2021-жылдын 12-июнундагы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон