# КР ШАЙлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлу № 616 "2021-жылдын 3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу " токтому

- Толук аталышы: КР ШАЙлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлу № 616 "2021-жылдын 3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3358/edition/1162791/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ШАЙлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлу № 616 "2021-жылдын 3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу " токтому (07.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600646

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-июлу № 616 2021-жылдын 3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 526 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Азимбеков Нурбек Абдыкеримович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Мадалиев Хамидулла Аманулаевич, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июлундагы протоколу менен Кызыл-Кыштак айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын бардыгы катышып, Н.А.Азимбеков - 4 добуш, М.М.Калмуратов - 0 добуш, Х.А.Мадалиев - 27 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июлундагы протоколу менен Мадалиев Хамидулла Аманулаевич Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 3-июлундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-июлундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Мадалиев Хамидулла Аманулаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
