Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ШАйлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук кеңеши «2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-июлу № 615 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 527 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Касыров Тилек, Мадиярова Мээрим Кадыркуловна, Мамадалиев Эмил Сраилович, Мусакожо уулу Райымбек жана Тентимишева Замира Шарапидиновна Ивановка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Ивановка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Т.Касыровго - 0 добуш, М.К.Мадияровага - 12 добуш, Э.С.Мамадалиевге - 9 добуш, Мусакожо уулу Р. - 0 добуш, З.Ш.Тентимишевага - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Мадиярова Мээрим Кадыркуловна Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 2-июлундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мадиярова Мээрим Кадыркуловна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 527 "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун Петровка, Беловодский…Постановление · 19.06.2021 · № 527
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон