Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-июлу № 614 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 527 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович, Саралаев Узакбек Солтоевич жана Сооронбаев Казым, Петровка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Москвааймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Петровка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, К.Ж.Ешалиевге - 11 добуш, У.С.Саралаевге - 9 добуш, К.Сооронбаевге - 1 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер - Алыбеков Бакыт Жумгалбекович, Байбосунов Асанбек Арстанбекович, Бакиров Асылбек Искенович жана Кулжанов Талайбек Кибиралиевич, Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Беловодский айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, 1-турда: Б.Ж.Алыбековго - 10 добуш, А.А.Байбосуного - 3 добуш, А.И.Бакировго - 10 добуш, Т.К.Кулжанового - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш, 2-турда: Б.Ж.Алыбековго - 16 добуш, А.И.Бакировго - 14 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Алыбеков Бакыт Жумгалбекович Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 2-июлундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Москва районунун 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович Чүй облусунун Москва районунун Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Алыбеков Бакыт Жумгалбекович Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 527 "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун Петровка, Беловодский…Постановление · 19.06.2021 · № 527
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон