# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 613 "2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 613 "2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 613
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3355/edition/1162841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 613 "2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу" токтому (07.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-июлу № 613 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы № 499 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Абылгазиев Исмаилакун Омурбекович, Байысбек уулу Бекбий жана Кулубеков Талайбек Аскербекович, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Фрунзе айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1-турда: И.О.Абылгазиевге - 1 добуш, Байысбек уулу Б. - 10 добуш, Т.А.Кулубековго - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, 2-турда: Байысбек уулу Б. - 12 добуш, Т.А.Кулубековго - 8 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Байысбек уулу Бекбий Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Джылжымышов Акылбек Болотбекович, Саркумов Марат Женишбекович жана Суйуналиев Каныбек Жумабекович, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1-турда: А.Б.Джылжымышовго - 9 добуш, М.Ж.Саркумовго - 10 добуш, К.Ж.Суйуналиевге - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш, 2-турда: М.Ж.Саркумовго - 14 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 7 добуш берилгендиги белгиленген. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Саркумов Марат Женишбекович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 1-июлундагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Чуй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Байысбек уулу Бекбий Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Саркумов Марат Женишбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Фрунзе жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
