Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ШАйлоо жана референдум өкөрүү боюнча борборлук комиссиясынын «2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-июлу № 612 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 525 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер - Исаков Замирбек Тургуналиевич, Каимов Ганыжан Турсунбаевич, Кумашева Бурулча Абакуловна, Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан, Мойдинов Каныбек Тажидинович Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан сунушталып катталган. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Талдуу-Булак айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1-турда: З.Исаковго - 8 добуш, Г.Каимовго - 8 добуш, Б.Кумашевага - 1 добуш, К.Мойдиновго - 4 добуш; 2-турда: З.Исаковго - 11 добуш, Г.Каимовго - 7добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 3 добуш берилгендиги белгиленген. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Исаков Замирбек Тургуналиевич Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 2-июлундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Исаков Замирбек Тургуналиевич Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 525 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын…Постановление · 19.06.2021 · № 525
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон