Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-01-10.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-январы №1 Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жабыр тарткан калкты үйлөрдүн курулушу аяктаганга чейин убактылуу жайгаштыруу үчүн 115 мобилдүү турак үйлөрдү Нура айылына жеткирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нура айылындагы турак үйлөрдүн курулушу аяктагандан кийин ушул токтомдун 1-пунктунда аталган 115 даана мобилдүү турак үйлөрдү министрликтердин резервине койсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жабыр тарткан калкка 2008-жылдын ноябрь-декабры жана 2009-жылдын январь-марты үчүн ай сайын 150 кВтс боюнча ар бир абонентке эсептөө менен электр энергиянын наркын компенсацияласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жабыр тарткан калкка 2008-жылдын ноябрь-декабры жана 2009-жылдын январь-марты үчүн ай сайын 150 кВтс боюнча ар бир абонентке эсептөө менен электр энергиянын наркын компенсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине зарыл каражаттарды караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөр үчүн зарыл болгон акчалай каражаттарды бөлүп берсин:
аталган иштерге эсептелген чыгымдарга ылайык жабыр тарткан турак үйлөргө, имараттарга жана курулмаларга текшерүү жүргүзүүгө; Нура айылынын башкы планын долбоорлоого; Нура айылындагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан турак үйлөрдү, социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды долбоорлоого жана курууга, тиркемеге ылайык.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- Нура айылында турак үйлөрдү жана социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу үчүн тез курулуучу конструкциялардын берүүчүсүн аныктоо жана беримдерге келишим түзүү үчүн Кытай Эл Республикасынын фирмалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- турак үйлөрдү, социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болсун;
- курулушту долбоорлоо менен катар жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине республикалык бюджетте 2009-жылга каралган каражаттардын чектеринде Нура айылындагы турак үйлөрдү жана коомдук багыттагы объекттерди калыбына келтирүү боюнча коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды уюштуруу үчүн 1 млн. сом бөлүнсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы №1 токтомуна тиркеме
Ош облусунун Алай районунун Нура айылындагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен долбоорлонуучу жана курулуучу объекттердин
ТИЗМЕСИ
№
Объекттин аталышы
Че нөө бир диги
Кубаттуу- лук/саны
Объекттин болжол наркы миң сом
Куруу мөөнөтү
Заказчы
Эс- кер- түү
баштоо
аяктоо
1
2
3
4
5
6
7
8
9
1-кезек - 2009- жыл
1
Эки бөлмөлүү турак үйлөр
даа на
26
36984,0
март
ноябрь
Мамкуру луштун Турак жай курулуш башкар- малыгы
2
Үч бөлмөлүү турак үйлөр
даа на
126
206546,0
март
ноябрь
-"-
3
Электр менен камсыздоо(электр линия үчүн түркүк төр
км/ даа на
3,80/130
2400,0
март
ноябрь
-"-
4
Трансформатор подстанциясы 250 кВт
даа на
3
1800,0
март
ноябрь
-"-
5
Жолдор (айыл ичиндеги)
км
5
4700,0
март
ноябрь
-"-
6
Суу тосмо курулмалары
даа на
1
2600,0
март
ноябрь
-"-
7
Суу түтүгү
км
3,80
5700,0
март
ноябрь
-"-
8
Темир бетон ирригациялык лоток
п/м
7600
3800,0
март
ноябрь
-"-
9
Ташмамы-эстелик
даа на
1
600,0
март
ноябрь
-"-
10
10 орундуу мончо
даа на
1
3400,0
март
ноябрь
-"-
11
Дүкөн
даа на
1
2463,0
март
ноябрь
-"-
12
Коомдук тамактануу пункту (60 кв.м)
даа на
1
1800,0
март
ноябрь
-"-
13
Спорт зал (24х12 м) галереясы менен (6х9 м)
даа на
1
10665,0
март
ноябрь
-"-
Бардыгы:
283458,0
2-кезек - 2010-жыл
Бардыгы
33320,0
1
50 орундуу бала бакча
даа на
1
6400,0
март
ноябрь
Мамкуру- луштун Турак жай курулуш башкар- малыгы
2
200 орундуу клуб
даа на
1
11000,0
март
ноябрь
-"-
3
Тиричиликтик тейлөө комплекси
даа на
1
4000,0
март
ноябрь
-"-
4
Мечит
даа на
1
2300,0
март
ноябрь
-"-
5
Автосервис
даа на
1
1360,0
март
ноябрь
-"-
6
Стадион
даа на
1
760,0
март
ноябрь
-"-
7
Көпүрөлөр
даа на
2
3200,0
март
ноябрь
-"-
8
Нура суусунун жээгин бекемдөөчү иштер
км
1,2
4300,0
март
ноябрь
-"-
Эскертүү:
1. Объекттердин такталган сметалык наркы долбоордук-сметалык документтердин даярдыгына карата аныкталат.
2. Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жумуштардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-мартындагы N 99-б буйругунун 14-пунктуна ылайык аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 277-б (Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды курууга…Распоряжение · 05.06.2009 · № 277-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9