Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 29-июну № 572 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 418 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Акышев Акматбек Анаркулович, Байдовлетов Басылбек Нукенович, Бакиров Сейитбек Сапарович катталган. Талапкерлер Бакайыр айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Бакайыр айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, 1-турда: А.А.Акышев - 1 добуш, Б.Н.Байдовлетов - 10 добуш, С.С.Бакиров - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, 2-турда: Байдовлетов - 6 добуш, С.С.Бакиров - 15 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Бакиров Сейитбек Сапарович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 25-июнундагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бакиров Сейитбек Сапарович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 418 "Талас облусунун Талас районунун Долон, Кара-Буура районунун Бакайыр айыл…Постановление · 11.06.2021 · № 418
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон