Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-июну № 569 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 382 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Качкынбаев Кенжебек Тентимишович, Майрамбеков Нурбек Майрамбекович, Табылды кызы Айжамал катталган. Талапкерлер Ак-Жар айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Ак-Жар айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, К.Т.Качкынбаев - 6 добуш, Н.М.Майрамбеков - 2 добуш, Табылды кызы А - 3 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Качкынбаев Кенжебек Тентимишович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 23-июнундагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Качкынбаев Кенжебек Тентимишович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 382 "Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор…Постановление · 09.06.2021 · № 382
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон