# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июнундагы № 568 "2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июнундагы № 568 "2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 568
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3345/edition/1132632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июнундагы № 568 "2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (28.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600633

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-июну № 568 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 382 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Медербеков Тынчтык Муратбекович катталган. Талапкер Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Т.М.Медербеков - 8 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 3 добуш берилгендиги белгиленген. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Медербеков Тынчтык Муратбекович Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 23-июнундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Медербеков Тынчтык Муратбекович Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
