Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-июну № 566 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 383 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Калчаев Мелисбек Жайлобекович, Ногойбаев Мунарбек Дайырович, Рысбай уулу Тойчубек катталган. Талапкерлер Көл-Төр айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Көл-Төр айылдык кеңешиндеги 11 депутатын 10 депутаты катышып, 1 турда: М.Ж.Калчаев - 5 добуш, М.Д.Ногойбаев - 0 добуш, Т.Рысбай у. - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, 2 турда: М.Ж.Калчаев - 0 добуш, Т.Рысбай у. - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Рысбай уулу Тойчубек Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 23-июнундагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Рысбай уулу Тойчубек Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 383 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 09.06.2021 · № 383
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон