# Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ
- Актынын түрү: Соглашение
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/63-43/edition/339379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ (07.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60063

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-майындагы УӨ № 33 токтому менен бекитилди

Анкара шаары

2009-жылдын 7-декабры

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз

аскердик жардам жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү

(мындан ары Тараптар), Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 1993-жылдын 3-мартындагы Аскердик билим

берүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимине жана 2000-жылдын 15-июнун-

дагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы кызматташтык жөнүндө ма-

кулдашууга таянып, достук мамилелерин өнүктүрүү жана Кыргыз Республика-

сынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү алкагында

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене. Максаты

Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АКШ

долларына эквиваленттүү 1170000 (бир миллион жүз жетимиш мињ) түрк лири

өлчөмүндө грант бөлүп берген жатат. Бул гранттын колдонуусу 2009-жылы

башталат.

2-берене. Пайдалануу чөйрөсү

Ушул Макулдашуунун алкагында, көрсөтүлгөн гранттын АКШ долларына

эквиваленттүү 1125000 (бир миллион жүз жыйырма беш мињ) түрк лири мате-

риалдык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө, ал эми АКШ доллары-

на эквиваленттүү 45000 (кырк беш мињ) түрк лири Түркия Республикасынын

мыйзамдарына ылайык акчалай берилет.

3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар

Ушул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түрк Рес-

публикасынын Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылат.

Ушул Макулдашуу менен байланышкан маселелер боюнча координациялоочу ор-

ган болуп Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана

Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Ас-

кердик Атташе Аппараты эсептелет.

Эки тараптын Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөру ушул Макулдашу-

уга 2009-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында,

2009-жылдын 7-декабрында Түркиянын Анкара шаарында кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын

Өкмөтүнүн атынан Өкмөтүнүн атынан

Колу: Колу:

Кудайбердиев Абибила Алпаслан Ердоган

генерал-майор генерал-лейтенант

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын

Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын коргонууну

Башкы штабынын башчысы - пландаштыруу жана ресурстарды

Коргоо министринин биринчи башкаруу департаментинин

орун басары башчысы
