Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-майындагы УӨ № 33 токтому менен бекитилди
Анкара шаары
2009-жылдын 7-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз
аскердик жардам жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү
(мындан ары Тараптар), Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 1993-жылдын 3-мартындагы Аскердик билим
берүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимине жана 2000-жылдын 15-июнун-
дагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы кызматташтык жөнүндө ма-
кулдашууга таянып, достук мамилелерин өнүктүрүү жана Кыргыз Республика-
сынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү алкагында
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АКШ
долларына эквиваленттүү 1170000 (бир миллион жүз жетимиш мињ) түрк лири
өлчөмүндө грант бөлүп берген жатат. Бул гранттын колдонуусу 2009-жылы
башталат.
2-берене. Пайдалануу чөйрөсү
Ушул Макулдашуунун алкагында, көрсөтүлгөн гранттын АКШ долларына
эквиваленттүү 1125000 (бир миллион жүз жыйырма беш мињ) түрк лири мате-
риалдык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө, ал эми АКШ доллары-
на эквиваленттүү 45000 (кырк беш мињ) түрк лири Түркия Республикасынын
мыйзамдарына ылайык акчалай берилет.
3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түрк Рес-
публикасынын Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылат.
Ушул Макулдашуу менен байланышкан маселелер боюнча координациялоочу ор-
ган болуп Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана
Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Ас-
кердик Атташе Аппараты эсептелет.
Эки тараптын Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөру ушул Макулдашу-
уга 2009-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында,
2009-жылдын 7-декабрында Түркиянын Анкара шаарында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтүнүн атынан Өкмөтүнүн атынан
Колу: Колу:
Кудайбердиев Абибила Алпаслан Ердоган
генерал-майор генерал-лейтенант
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын коргонууну
Башкы штабынын башчысы - пландаштыруу жана ресурстарды
Коргоо министринин биринчи башкаруу департаментинин
орун басары башчысы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.