Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-июну № 564 2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылы 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы № 369 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Мамыров Тынчтыкбек Асилбекович, Субанов Бактыулан Мураталиевич катталган. Талапкерлер Ленин айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагы протоколу менен Ленин айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Т.А.Мамыров - 9 добуш, Б.М.Субанов - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагы протоколу менен Субанов Бактыулан Мураталиевич Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 21-июнундагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Субанов Бактыулан Мураталиевич Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 381 "Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун…Постановление · 09.06.2021 · № 381
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон