Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 25-июну № 562 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, "Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 163 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасы бекитилсин (1, 2-тиркемелер).
2. Шайлоо бюллетендерин, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилген бюллетендердин тексттерине ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн формасын жана коргоо даражасын колдонуу менен Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.
4. Шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемелерсиз).
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 22 сентября 1997 года №540 "Об изготовлении документов строгой отчетности"Постановление · 22.09.1997 · № 540
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 163 "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин…Постановление · 20.10.2016 · № 163
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2016-жылдын 20-октябрындагы № 163 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин…Положение · 20.10.2016 · № 163